Тагаев Мураталы Абдыкарович борбор калаанын Ленин районунун акими болуп дайындалды.
Аким Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамынын 21-беренесине, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине, КРнын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын реестрине ылайык дайындалды.
Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.