Борбор калаанын муниципалитетинде мэрдин орун басары Виктория Мозгачеванын жана КРнын балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу Асель Чынбаеванын катышуусу менен "Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүү үчүн тоскоолдуктарды кыскартуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу" чакырыгын талкуулоо боюнча кеңешме болуп өттү.

Кеңешменин жүрүшүндө жумушчу топтун мүчөлөрү долбоордун ишке ашырылышын талкуулашты, өздөрүнүн жетишкендиктери менен тааныштырышты жана өздөрүнүн сын-пикирлерин жана сунуштарын айтышты.

Эске салсак, челлендж "Өкмөттүк акселераторлор"программасынын алкагында ишке ашырылууда.