Жыйындын жүрүшүндө калаанын санитардык тазалыгы жана көрктөндүрүү боюнча үч айлыкты өткөрүү, «Көк-Жар» конушундагы жаңы бала бакчанын ачылышына даярдыктарды көрүү, «Калыс-Ордо» конушундагы мектептин курулуш иштеринин жүрүшү талкууланды.


Жыйындын соңунда бала бакчаны апрелдин башында ачуу чечими чыгарылды. Калаа башчысы балдарды кабыл алууга бала бакчаны кылдаттык менен даярдоону тапшырды.