Канализациялык коллекторлорду төшөө үчүн Л.Толстой көчөсү Некрасов көчөсү менен кесилиши убактылуу жабылды.
Ишти 28-мартта бүткөрүү пландалууда.
Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана айдоочуларды каттамды алдын ала пландап алууларын өтүнөт.