Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун катышуусунда “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик ишканасынын имаратында шаар куруу кеңешинин жыйыны өттү.
Күн тартибине ылайык, №5 кичирайонундагы Сүйүмбаев көчөсү боюнча жана чыгыш өнөр жай аймагын куруу долбоорлору талкууланды.
Белгилей кетсек, бул ишкана муниципалитеттин структурасына өткөндөн кийинки шаар куруу кеңешинин биринчи отуруму болуп, ага мэр катышты.
Жыйындын жүрүшүндө борбор калаанын мэри бардык долбоорлор шаар куруунун бардык нормаларын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын эске алуу менен объективдүү каралышы керектигин белгиледи.
«Биздин негизги милдет – жарандарыбызга ыңгайлуу шарттарды түзүү. Шаарды өнүктүрүүгө багытталган кызыктуу долбоорлорду, анын ичинде инвестициялык долбоорлорду колдоо керек», - деди мэр.
Шаар куруу кеңешине ошондой эле Архитекторлор союзунун мүчөлөрү, «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик ишканасынын, «Кыргызреставрация» НИПИнин, КРнын долбоорлоочулар ассоциациясынын, Мамлекеттик шаар куруу жана архитектура долбоорлоо институтунун жетекчилери катышты.