Ленин районунун мектеп окуучулары Сүймөнкул Чокморов, Исхак Раззаков, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик адабият жана искусство музейине, О.М. Мануилова атындагы мемориалдык үй-музейлерине барышты.
Экскурсовод музейдин жаралуу тарыхы, экспозицияларды көрсөтүү менен бирге окуучуларга тасма көрсөтүштү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун "Инсанды руханий – адеп-ахлактык өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө" Жарлыгын жана 2021-2026-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасында "Кыргыз жараны" - жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү Концепциясын ишке ашыруу максатында уюштурулду.
Маалым кат:
Көрүнүктүү скульптор Ольга Мануилованын мемориалдык үй-музейи. Ольга Мануилова Кыргызстандын искусствосундагы көрүнүктүү инсан болуп саналат.
О.М. Мануилованын мемориалдык үй-музейинде көркөм көргөзмөлөр өтүп, бул жерде Кыргызстандын заманбап сүрөтчүлөрүнүн жана скульпторлорунун эмгектери коюлган. Көбүнчө бул жерде скульптуралар, живопись үлгүлөрү, батик, гобелен жана салттуу кийиз буюмдары жана автордук жасалгалар коюлган жеке көргөзмөлөрдү көрүүгө болот.
Сүймөнкул Чокморов атындагы Музей 2017-жылдын 26-майында түзүлгөн. Сүймөнкул Чокморов Чоң-Таш айылында 1939-жылы туулган. Оорулуу бала болгондуктан, ал төшөктө көп убакыт өткөргөн, сүрөт тарткан. Айыккандан кийин Сүймөнкул сүрөт тартууга олуттуу киришкен. Сүймөнкул Чокморов 400дөн ашык сүрөт тарткан, алардын көбү пейзаждар, натюрморт жана портреттер. Анын айрым эмгектери азыркыга чейин Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт музейинде сакталып келет.
Исхак Раззаков музейи 2005-жылы түзүлгөн. Көптөгөн жеке буюмдар-китептер, кийим-кече, эмеректери коюлган. Ленин ордени, эки Эмгек Кызыл Туу ордени, Ички согуш даражасы ордени, анын ичинде саясатчынын сыйлыктары менен таанышууга болот. Бул экспонаттар Исфана шаарындагы Раззаковдун мемориалдык үй-музейинен алынып келинген (Баткен облусу).
Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик адабият жана искусство музейи 1989-жылдын 5-октябрында Токтогул Сатылгановдун 125 жылдыгына карата түзүлгөн.
Музейдин үч залы бар:
түрк жазуучусунун – залы
оозеки чыгармачылык – залы
демократ-акын Токтогул Сатылгановдун өмүрү жана ишмердүүлүгү жөнүндө- зал
Музейде 5000ге жакын экспонаттар (кол жазмалар жана китептер) бар.