Борбор калаанын мэриясы үй-бүлөлүк майрамдарда, маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөлөрүндө ашыкча ысырапкорчулукка жол бербөөнү эскертет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында Биринчи май районунда жарандар менен жолугушуулар өткөрүлүүдө.

Имамдар менен биргеликте райондун бардык муниципалдык аймактык башкармалыктарында (МАБ) жыйындар өткөрүлүүдө. Жыйындарга активисттер, үй комитеттери, кварталдык жана тургундар катышууда.

Ошондой эле мечиттерде имамдар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Жолугушуулардын жүрүшүндө укук коргоо чаралары, ошондой эле коомдогу социалдык абалга терс таасирин тийгизген диний жөрөлгөлөрдү, ырым-жырымдарды жана башка иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкорчулукка жол бербөө маселелери талкууланды.

Дал ушундай түшүндүрүү иштери мындан ары да улантылат.

Белгилей кетсек, Жарлыктын максаты Кыргыз Республикасынын жарандарынын социалдык-экономикалык турмуш деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.