Үч айдын ичинде Ленин району боюнча жалпы суммасы 898 миң 500 сомду түзгөн 98 протокол түзүлдү. Акыркы бир жумада тартип бузгандардын арасынан жаран Махмудов Р. аныкталып, алар Л.Толстой көчөсүнүн кесилишинде резина дөңгөлөктөрдү сактагандыгы үчүн КРнын «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 115-беренесинин 2-бөлүгү менен жоопкерчиликке тартылат. Ушул эле берене менен Логвиненко көчөсүнүн тургуну Абазганова А. жалбырактарды өрттөгөндүгү үчүн жоопкерчиликке тартылса, берененин 1-бөлүгү мене курулуш таштандыларын чыгарганы үчүн Мансуров Н.га 7500 сом айып салынган.

Чектеш аймакта тазалык жана тартип сакталбагандыгы үчүн Матыев жана Нахимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги даректин тургуну  Карынбаев Н. жоопкерчиликке тартылат.  «Азия Ретейл» компаниясы 179-берененин 2-бөлүгү менен кирүүчү жолдорду өз алдынча куруу үчүн жоопко тартылса, Сельсоветская жана Орозов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жерди өз алдынча айдагандыгы үчүн «АзиК» компаниясы да ушул эле берене боюнча жоопкерчиликке тартылат.

Ал эми Биринчи май району боюнча 691 миң 500 сомго көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактылары аныкталып, 92 протокол түзүлдү.

Свердлов районунда жалпы 489 миң сомдук 75 мыйзам бузуу катталган.

Октябрь району боюнча жалпы 560 миң сомдук 62 мыйзам бузуу фактысы аныкталган.