«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери «Ынтымак 2» жана «Ата-Түрк» сейил бактарында балдар үчүн кайрымдуулук майрам уюштурушту.
Балдар үчүн аянтчада кызыктуу оюндар, ысык тамак-аш даярдалып, сейил бакка саякат уюштурулду. Саякаттоо үчүн балдарды 3 пони жана 3 ат тосуп алды.
Анткени, ат да уникалдуу тирүү машыктыруучу. Анын бул жөндөмүнүн аркасында майыптарды реабилитациялоонун эффективдүү ыкмаларынын бири болгон терапиялык ат минүү же иппотерапия ыкмасы пайда болгон.
Балдарды жана алардын ата-энелерин «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери коштоп, оюн-зооктон тышкары балдарга таттуу белектер да тартууланды.