21-мартта саат 10:00дө "Ала-Тоо" аянтында майрамдык иш-чара өткөрүлөт. Саат 12:30 дан баштап 17:00 го чейин Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын чыгармачыл жамаатарынын жана Кыргыз искусствосунун маданият жана өнөр чеберлери концерттик программасы тартууланант.
Ошону менен бирге, аянтта жалпы элдик майрамдоо улантылат.
Майрамдык иш-чаралар борбор калаанын бардык райондорунда өткөрүлөт.
Октябрь району
19-март күнү саат 19:00дө Алтын-Ордо конушунда улуттук сүмөлөк даярдалган майрамдык иш-чара өткөрүлөт.
21-март күнү саат 10:00дө №73 мектепте Тунгуч кичи районунун тургундарынын «Спорттук Нооруз» спартакиадасы өтөт.
21-март күнү саат 10:00дө Көк-Жар конушунун №103 мектебинин аймагына боз үй тигилип, салтанаттуу иш-чаралар, улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлүп, майрамдык дасторкон жайылат.
Свердлов району
20-март күнү саат 10:00дөн 20:00гө чейин Ак-Бата конушунда элдик майрамдар уюштурулуп, боз үй тигилип, дасторкон жайылып, концерттик программа тартууланып, улуттук оюндар жана спорттук мелдештер өткөрүлөт.
22-мартта саат 14:00дө К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында "Сармерден" өткөрүлөт.
Нооруз майрамын белгилөөнүн алдында «Сайма» мелдеши өткөрүлүүдө. «Сайма» мелдеши райондун мектептеринде жана бала бакчаларында улуттук кийимдерди, оймо-чиймелерди, шырдактарды, баш кийимдерди улуттук турак жайды жайылтууга жана өркүндөтүүгө багытталган. Жеңүүчүлөр үчүн байге фонду каралган.
Ошондой эле бардык каалоочулар үчүн (ата-энелер менен балдарга) райондун Балдар чыгармачылык борборунун базасында ар жума күнү кийиз гигүү, чий-токуу, карапа жасоо жана улуттук кол өнөрчүлүктүн башка түрлөрү боюнча акысыз мастер-класстар уюштурулууда.
Ленин району
21-мартта “Чоң-Арык” айылында “Нооруз – 2023” (улуттук “сүмөлөк” тамак-ашын даярдоо) майрамдык иш-чаралары уюштурулат.
21-мартта саат 10:00дө Арча-Бешик конушунда да «Тушоо кесүү» аземи менен майрамдык иш-чара уюштурулат.
21-мартта саат 10:00дө Ак-Ордо конушунда дасторкон, концерттик программа жана улуттук оюндарды уюштуруу менен элдик майрамдар өткөрүлөт.
2023-жылдын 21-мартында саат 13:00дө Asia Mall соода борборунун жанында этникалык айыл орнотулуп, Азия элдеринин жарманкеси, ошондой эле ар улуттун өкүлдөрүнүн концерти өтөт. Майрамдын коноктору үчүн улуттук оюндар: тогуз коргоол, хан таламай, бал-таш, күрөш, ордо боюнча мастер-класс уюштурулат.
Биринчи май району
21-март күнү саат 10:00дө «Мурас-Ордо» жаңы конушунда улуттук оюндар, аркан тартыш, ордо, тогуз-коргоол, кичи футбол жана эстафеталык жарыш уюштурулуп жатат.
Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Сиздерди келе жаткан Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайбыз!