№4 кичирайонундагы №27 жана 40-үйлөрдүн жанындагы таштанды үчүн контейнерлердин айланасын өз убагында тазалоо иштерин жүргүзбөгөндүгү үчүн КРнын «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 114-беренесине ылайык, Октябрь районунун таштандыларды чыгаруучу "БишкекВторРесурс" компаниясына протоколдор түзүлдү.
Бул жоругу үчүн жеринде инспекторлор тарабынан компанияга 26 000 сом өлчөмүндө айып салуу боюнча токтом чыгарылды.
Эске салсак, аталган ишкана үстүбүздөгү жылдын январь айынан тарта борбордун Октябрь районун тейлей баштаган. Жыл башынан бери бул ишканага жалпы суммасы 91 миң сомдук 7 протокол түзүлдү.
Муниципалдык инспекция көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактылары катталган учурда менчигинин түрүнө карабастан, бардык жарандарга протоколдор түзүлөрүн эскертет.