Капиталдык курулуш башкармасы Нарвская, 74 дарегиндеги №20 балдар бакчасын реконструкциялоодо.
Бала бакчада капиталдык оңдоо иштери менен бирге кайра пландаштыруу жүргүзүлөт.
Бүгүнкү күндө иштердин 57% аяктады. Терезелерди орнотуу, имараттын профилин өзгөртүү жана ички жасалгалоо иштери жүрүп жатат. Ошол эле учурда бакчанын аймагын көрктөндүрүү боюнча иштер улантылууда.
Мектепке чейинки мекеменин имараты эки кабаттуу. Жайлардын аянты 1 500 м2 түзөт. Ал эми аймактын аянты - 0,52 га.
Бала бакча 130 балага ылайыкталган. Бакчада ымыркайлар тайпа, кенже тайпа, 2 жогорку тайпа жана 2 мектепке чейинки даярдоо тайпалары болот.
Оюн жана уктоочу бөлмөлөрдөн тышкары, музыкалык жана гимнастикалык сабактар үчүн өзүнчө бөлмө каралган.
Мектепке чейинки мекеме бардык көмөкчү бөлмөлөр менен иштелип чыккан: медициналык бөлмөлөр, тамак-аш блогу, кир жуучу жай жана тейлөө бөлмөлөрү.
Ошондой эле аймак көрктөндүрүлүп, ар бир топ үчүн өзүнчө балдар аянтчалары орнотулат.
“Аргын Куралуш” ЖЧКсы подряддык уюм катары иш алып барууда.