"Компас" колледжинин базасында борбор калаанын мэринин орун басары  Виктория Мозгачева БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 67-сессиясында “Инновация жана технология аркылуу аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” деген темадагы панелдик талкууга катышты.

Талкууда гендердик жана башка жергиликтүү деңгээлден баштап глобалдык деңгээлге чейин ар кандай тармактагы эксперттер сөз сүйлөштү.

Мэрдин орун басары  белгилегендей, расмий маалыматтар боюнча 2021-жылы жумуш менен камсыз болгон калктын жалпы санында Бишкек шаарында аялдар дээрлик жарымын 42,4% түзөт жана Кыргызстандын башка аймактарынан айырмаланып, Бишкек шаарында жарандардын 82%га жакыны, анын ичинде аялдар жалданып иштешет.

Кызматкерлердин арасында аялдардын саны -  билим берүү (79%), саламаттыкты сактоо (78%) жана башка кызматтарда (51%) байкалган.

В.Мозгачева 2022-жылы өлкөбүздө жаңы төрөлгөн ымыркайдан 17 жашка чейинки 1 миллион 300 миңге жакын кыз катталганын, алардын үчтөн бирине жакыны Бишкек шаарында жашаарын, ошондуктан шаардын мэриясы билим берүүнү жана  мектептерде,  мектепке чейинки билим берүү системасында IT билим берүүнү өнүктүрүүнү сактап калуу үчүн бардык чараларды көрүп жатканын баса белгиледи.

Талкуунун жыйынтыгында мэрдин орун басары  өлкөнүн бардык ишмердүүлүгүндө, анын ичинде IT-технологиялар, ишкердик жана билим берүү тармагында аялдардын укуктарын кеңейтүү боюнча конструктивдүү сунуштарды иштеп чыгууну сунуштады.