Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинен билдиришкендей, 14-мартта Исанов көчөсүнүн бөлүгү "Бишкекасфальтсервис" МИ тарабынан даярдалган иштерге байланыштуу жабылат.
Участокко тиешелүү жол белгилери орнотулуп, белгилер түшүрүлөт.
Белгилей кетсек, 15-марттан тарта Исанов көчөсүнүн түштүк тарабында Токтогул көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгүндө бир тараптуу кыймыл уюштурулат.
Ушул себептен 15-марттан баштап "Ника плюс" ЖЧКсына таандык №195 кичиавтобусунун кыймыл чиймеси жарым-жартылай өзгөртүлөт жана кыймыл Бөкөнбаев көчөсү боюнча батышты көздөй Турусбеков көчөсүнө чейин Токтогул көчөсүнө оң бурулуш менен жана андан ары мурдагы кыймыл чиймеси боюнча жүргүзүлөт.
Бул чаралар көчө-жол тармагын жакшыртуу, жол коопсуздугун жогорулатуу, кырсыктарды азайтуу, тыгындар проблемаларын чечүү, жол инфратүзүмүн жакшыртуу боюнча иш-чараларды өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында коомдук транспортту жана жол инфратүзүмүн өнүктүрүүнүн башка маселелерин чечүү максатында жүргүзүлүүдө.