Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасынын негизинде Бишкек троллейбус башкармалыгынын жетекчиси 19 көмөкчордондун байланыш түйүндөрүнүн иштөөсүн, санитардык абалын жана штаттык бирдигин текшерди.

Ишкананын жетекчиси тиешелүү кызматтардын кызматкерлерине бардык көмөкчордондордо жума сайын ишембилик өткөрүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, жетекчилик ушул жылдын апрель айынан тарта 14 көмөкчордондо оңдоо иштери жүргүзүлөрүн билдирди.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын май айынан август айына чейин 5 көмөкчордондо капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн.