Бишкек шаарындагы СДЮСШОРдун базасында оор атлетика боюнча жаштар арасында Кыргыз Республикасынын чемпионаты аяктады.

Мелдештер 15-17-февраль аралыгында өттү. Мелдешке 12 тайпадан 131 спортчу - оор атлетика боюнча Бишкек шаардык спорт мектеби, «Ынтымак» спорт мектеби, РСК, Баткен, Ош, Токтогул, Орловка, Токмок, Казарман, Көк-Сай, Кайнар, Кажы-Сай командалары катышты.

Мелдешти “Ынтымак” спорт мектеби жана КРнын Оор атлетика федерациясы КРнын Дене тарбия, маалымат, спорт жана жаштар саясаты департаментинин жетекчилиги алдында уюштурду.

Мелдештер учурдагы эл аралык эрежелер боюнча өткөрүлдү.

Салмак категориялары:
Балдар: 45.49.55.61.67.73.81.89, 96+96 кг;
Кыздар: 36, 40,45, 49, 49, +49 кг.

Оор атлетика боюнча Бишкек шаарындагы СДЮСШОРдун тарбиялануучулары байгелүү орундарга ээ болушту:

- 1-орун - 71 кг салмакта Жайлообек уулу Азамат (машыктыруучу - Жамгырчиев Н.Б.);
- 1-орун - +59 кг салмакта Агата Байгачева (машыктыруучу - Заиченко А.Б.);
- 1-орун - Кашкарова Любава 59 кг салмакта (машыктыруучу - Зайченко А.Б.);
- II орун - 71 кг салмакта Жолдошкулов Айтегин (машыктыруучу - Жамгырчиев Н.Б.);
- II орун - 89 кг салмакта Минназаров Мухаммед (машыктыруучу - Жамгырчиев Н.Б.);
- II орун - 55 кг салмакта Байгачева Анисия (машыктыруучу - Зайченко А.Б.);
- II орун - 55 кг салмакта Шарипов Арсен (машыктыруучу - Токтоналиев К.К.);
- III орун - 55 кг салмакта Өмүржанов Арсен (машыктыруучу - Молдодосов О.М.)