Биринчи май районунун башчысынын орун басары Чынгыз Байсов "Көлмө"конушундагы канализациянын курулушунун жүрүшүн текшерди.

Тынчтык, Максат жана Насыйкат көчөлөрүнүн төрт кесилишинде Мидин көчөсү менен айланып өтүп, ошондой эле Пржевальский жана Ушаков көчөлөрүнүн кесилишиндеги Исанов көчөсүндөгү иштердин жүрүшү менен таанышты.

Текшерүү учурунда Ч. Байсов курулуш иштерин тездетүүнү тапшырды.

Белгилесек, ККБ конкурсунун (тендеринин) жыйынтыгы боюнча подрядчы катары "Арай" компаниясы аныкталган. Долбоорго ылайык, бул көчөлөрдүн баарын бойлой жалпы узундугу 10 чакырымдай канализация тартылган.