Бишкек шаарынын мэриясынын тапшырмаларын ишке ашыруунун алкагында таштандыларды чогултуу жана сорттоо үчүн 100 пункт куруу пландалууда.

«Тазалык» муниципалдык ишканасы экоактивисттер менен биргеликте таштандыларды иргеп чыгууну улантууда.

Улуттук жана эл аралык стандарттарды, санитардык-гигиеналык нормаларды эске алуу менен таштандыларды биринчи сорттоо үчүн атайын экоаянтча  курулган.

Евроконтейнер, видеокөзөмөл камералары орнотулду, борбордук байланыш системаларына,  суу, канализация жана электр энергиясына кошулду. 

Таштандыларды сорттоочу бөлмө жабдылып, ванна, аристон жана кондиционер орнотулду.

Таштанды контейнерлери жаан-чачындан (жамгырдан, кардан) коргоо үчүн атайын бөлүнгөн жерге чатырдын астына коюлат. Контейнерлерди орнотууда жакынкы үйлөрдүн калкы да эске алынган.

Долбоордун максаты:

1. Жарандарда өзүнчө чогултуу маданиятын калыптандыруу жана экологиялык аң-сезимди өнүктүрүү;
2. Экологиялык абалды жакшыртуу жана ден соолукту сактоо;
3. Жеке компанияларды тартуу жана шаардын киреше бөлүгүн көбөйтүү.

Мындай аянтчаларды  жайгаштыруу иштери улантылууда.