Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева, мэриянын билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Арстанбекова №91 орто мектеп-гимназиясында болушту.

Социалдык тармактарда аталган мектептин окуучусу сабак учурунда түз эфирге чыгып, мугалимди сыйлабаган мамилесин көрсөткөн видео чыгарган.

Министр окуучу бала жана мугалим менен жолугушуп, баланы ар дайым мугалимди сыйлоого чакырды. Окуучу түз эфирде кылган жосунсуз жоругу үчүн эжейинен жана жалпы мугалимдерден кечирим сурап, экинчи кайталабоого сөз берди.

Мектеп жетекчилигине балдардын жана ата-энелердин психологдор менен жолугушуусун уюштуруу, тарбиялоо боюнча класстык сааттарды өткөрүү тапшырылды.

Ошондой эле министр мыкты мугалимдер, мектеп жана билимдин мааниси тууралуу видеоролик тарткан окуучуларга атайын сыйлык ыйгарарын кошумчалады.