Бишкек мэриясынын Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери комиссиялык текшерүүнүн жүрүшүндө Исакеев жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Дубровский» кафесинде тосмо орнотулгандыгын  аныктады.

Жерди өлчөөдө жана визуалдык текшерүүдө кафенин түштүк тарабында көрктөндүрүү үчүн берилген жерге  уруксат кагаздары жок, кафенин жайкы аянтчасы катары пайдаланылып жаткан.

Ошондой эле 7-апрель көчөсү тарабынан уруксат берүүчү документтери жок жарнама конструкциялар орнотулган.

Өз кезегинде жетекчилик тарабынан аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү.