“Тазалык” муниципалдык ишканасы борбор калаанын көчөлөрүн жууп-тазалоо иштерин күчөттү. Бүгүн  кечинде линияга 26 сугат машина чыккан.

6-марттан 12-мартка чейин борбор калаанын борбордук жана кошумча көчөлөрүн жууп-тазалоо иштери жүргүзүлөт:

- Октябрь району: А.Токомбаев, Түштүк магистраль, Ахунбаев, Жукеев-Пудовкин, 7-апрель, М.Горький, Байтик Баатыр, Юнусалиев, Сүйөркулов көчөлөрү;

- Биринчи май району: Манас, Чүй, Киев, Токтогул, Москва, Бөкөнбаев, Исанов, Тоголок Молдо, Абдымомунов, Эркиндик бульвары, Тыныстанов, Ахунбаев, Лев Толстой, Логвиненко, Панфилов көчөлөрү, Жибек-Жолу проспектиси,  Мехаев, Горький, Токтоналиев, Айни, Сухомлинов, Малдыбаев, Кулатов көчөлөрү;

- Ленин району: Чыңгыз Айтматов проспектиси, Чүй проспектиси, Жаш Гвардия бульвары, Ахунбаев, Киев, Токтогул, Москва көчөлөрү;

- Свердлов району: Чүй проспектиси, Ауэзов, Курманжан-Датка, Лермонтов, Сүйүнбаев көчөлөрү;

- Чоң-Арык участогу: Чыңгыз Айтматов проспектиси, Ахунбаев,  Алыкулов, Кырк-кыз көчөлөрү.
Андан соң конуштардагы  көчөлөр жуулат.