Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров жана Кыргыз Республикасынын статс-катчысы Сүйүнбек Касмамбетовдун катышуусунда Аялдардын эл аралык күнүнө арналган майрамдык иш-чара өткөрүлдү.

"Урматтуу айымдар! Кымбаттуу апалар, эжелер, карындаштар!

Аял-затынын сулуулугунун, улуулугунун, мээримдүүлүгүнүн жана касиеттүүлүгүнүн символу болгон  8-март  майрамыңыздар менен Бишкек шаарынын  мэриясынын  жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн куттуктаймын!

Сиздер үй-бүлөнүн куту, мээрман эне катары, адамзатка жылуулук тартуулап, үмүт отун жандырып, канатына канат байлап, демине дем кошуп, жан дүйнөнү жаркыратып келесиздер.

Кылымдар тогошуп,  доор алмашып эгемендүүлүктүн  туусун  көтөрүп кыйын-кезең мезгилдерде, кайра куруу учурларында саясий-экономикалык туруктуулукту камсыз кылууда бардык жүктү жана түйшүктү өзүңөргө алып, кайраттуулукту, иштермандыкты көрсөтө алдыңыздар.  

Айрыкча мен шаарыбыздын ар тармагында талыкпастан эмгектенип жатышкан асылзаада айымдарды дагы баса белгилеп, талбаган эмгектери үчүн ыраазычылыгымды билдиргим келет. Алар күн болобу, түн болобу , ызгаар суук болобу, мээ кайнаткан ысык болобу кабагым-кашым дебестен  шаардын жашоо турмушунун жакшырышы үчүн  күч-аракеттерин  жумшап келет.  Ушул эрдигиңиздер үчүн Сиздерге таазим этебиз", -деди калаа башчысы.

Иш-чарага 1000 аял – ар кыл тармактын эмгек сиңирген ишмерлери, экс-жетекчилер жана башкалар катышты.

Чакырылган айымдар "Жаздын көркү сени менен башталат, жашоо жарык, сен бар үчүн аялзат" аттуу концерттик программага  күбө болуп, иш-чаранын соңунда белектер тапшырылды.