Бишкек троллейбус башкармалыгынын кызматкерлери жетекчилик менен биргеликте рейд өткөрүп, анын жүрүшүндө троллейбустардын санитардык-техникалык абалы, салондогу камералар, аялдамаларды айтуучу үн коштоолор жана жүргүнчүлөрдүн отургучтары текшерилди.

Текшерүү учурунда жетекчи оңдоло турган троллейбустарды  бир күн кечиктирбестен оңдоп чыгууну тапшырды.
Антисанитардык абалдагы троллейбустар жеринде жуулду. Рейд таңкы саат 05:00дөн 08:00гө чейин жүргүзүлгөн.

Мындай текшерүү 2-деподо да жүргүзүлөт.