Бишкек шаардык автобус башкармалыгы Бишкек шаарынын ЖККБ менен биргеликте айдоочулар үчүн жыйын өткөрдү.

Катышуучулар  шаардыктардан келип түшкөн суроолорду талкуулашты.

Жыйындын жыйынтыгында айдоочуларга жол эрежесин бузгандарга тиешелүү чаралар көрүлөрү эскертилди.

ЖККБ инспектору жаңы мыйзам боюнча айыптын көбөйүшүн, тагыраагы 8-марттан баштап көбөйө тургандыгын айтты.

ЖККБ инспектору айдоочуларга жол эрежесин сактоо, автобустук каттамдарда коопсуз кыймыл, аялдамаларда жүргүнчүлөрдү отургузуу жана түшүрүү эрежелери тууралуу айтып берди.

Андан соң жолугушуу суроо-жооп форматында уланды.

Айдоочулар менен мындай жолугушуулар ай сайын өткөрүлүп турат.