“Мектеп лигасы” программасынын алкагында №95 мектеп-гимназиясынын спорттук базасында кыздар арасында баскетбол боюнча мелдеш өтүп, ага Бишкек шаарындагы жалпы билим берүү  мектептерден жана гимназиялардан 16 команда катышты.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча кыздар арасында жеңүүчүлөр жана байге ээлери:

1-орунду №29 мектеп-гимназиясы командасы;
2-орунду N17 окуу-тарбиялык комплекс мектеп гимназиясы;
3-орунду №20 мектеп-гимназиясы ээледи.

Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти жеңүүчүлөрдү жана байге ээлерин ийгиликтүү оюну менен куттуктайт.