Свердлов акимиаты Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун өкүлдөрү жана райондук ички иштер бөлүмүнүн инспекторлору менен биргеликте рейд өткөрүүдө.

Рейддердин жүрүшүндө коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салуу талаптарын бузган коомдук тамактануу жана оюн-зоок мекемелери текшерилди.

2023-жылдын январь айынан февраль айына чейин муниципалдык администрациянын жумушчу тобу тарабынан 5 рейддик иш-чара өткөрүлүп, анда Свердлов районунун аймагында жайгашкан коомдук тамактануу жана оюн-зоок жайларынын, кафе, бар, ресторан, дискотекалык клубдардын өкүлдөрү менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Рейддик текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен  Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 84-беренесине ылайык, жалпы айып 39 000 сомду түзгөн 3 протокол түзүлдү.

Эскерте кетсек, бул иш-чаралар  2021-жылдын 15-сентябры № 121 «Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19 жана 24-беренелеринин талаптарын,  Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э. Байсаловдун  2021-жылдын 15-ноябрындагы № 30-18 протоколдук тапшырмаларын аткаруу максатында жүргүзүлүүдө.