28-февралда саат 9:00дөн 20:00гө чейин Ак-Босого конушунун турак жайларына, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык-тиричилик объектилерине жана өнөр-жай ишканаларына таза суу берүү токтотулат.

«Ак босого-1», «Ак босого-2» суу алгычтарындагы жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.