Борбор калаадагы №13 мектеп-гимназиясында шаардык ардагерлер кеңешинин төрагасы менен Бишкек шаарындагы мектеп парламенттеринин лидерлеринин жолугушуусу болуп өттү.

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы тарабынан уюштурулган иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгын жана "Кыргыз Республикасында 2021-2026-жылдарга «Кыргыз жараны» жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү Концепциясын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө шаардык ардагерлер кеңешинин төрагасы Мелис Бейшеев билим менен тарбиянын байланышы жана маанисине токтолду.

«Өлкөбүздө этностор аралык ынтымакты чыңдоо, бири-бирибиздин маданиятыбызды урматтоо менен бирге жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү зарыл. Бул маселеде билим гана эмес, тарбия да чоң роль ойнойт. Кыргызстаныбыз жакынкы келечекте кандай болору бир гана жаштардан – азыркы мектеп окуучуларынан көз каранды», - деп баса белгиледи Мелис Ногойбаевич.

Иш-чаранын жүрүшүндө  шаардык ардагерлер кеңешинин төрагасынын орун басары Асаналы Зарипов  жана Ленин РИИБнин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын башчысы Мирлан Асилов сөз сүйлөдү.

№13 мектеп-гимназиянын окуучулары конокторду өз парламентинин ишмердүүлүгү менен тааныштырышты. Алар мектеп парламенти натыйжалуу иш көрсөтүшү  үчүн бардык күч-аракетин жумшап жатышканын белгилешти.