Октябрь районунун акиминин экономикалык маселелер боюнча орун басары Майрамбек Адылбеков жеке жүргүнчүлөрдү ташуу компанияларынын ээлери менен жыйын өткөрдү.

Жыйынга Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасынын» өкүлдөрү жана Октябрь райондук мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери катышты.

Транспорттук каттамдардын айдоочуларына жеке негизде ыктыярдуу патент алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле патент салыгынын толук суммасын өз убагында төлөө боюнча айтылды.

Айдоочуларга ыңгайлуу болушу үчүн салык төлөмдөрүн төлөө үчүн терминалдарды орнотуу сунушу айтылды.