Борбор калаанын Биринчи май районунда, тактап айтканда, Тыныстанов көчөсүнө Жибек-Жолу проспектисинен Иваницин көчөсүнө чейин  50 түп кайың көчөтү отургузулду.

Ошондой эле жашылдандыруучулар Тынчтык проспектисинде  мурда башталган ийне жалбырактуу көчөттөрдү отургузууну улантышты. Бүгүнкү күндө дагы 37 жаш арча отургузулду.

Белгилей кетсек, буга чейин шаардын Октябрь районуна 44 түп кайың отургузулган.

“Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасы тарабынан өткөн жумада  380 даана көчөт отургузулду.