№68 мектеп-гимназиясынын базасында окуучулар менен Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драм театрынын актерлорунун жолугушуусу болуп өттү.

«Төлгө» спектаклин көргөндөн кийин окуучулар  жана мугалимдер  спектаклдин актерлору менен таанышып, актёрдук чеберчилик боюнча маалымат алып, кызыккан суроолорун узатышты.

Коноктор Кыргыз Республикасынын Эл артисти Калича Сейдалиева, КРнын Эмгек сиңирген артисти Шайымбек Кыдырмаев, актёрлор Эржан Осмонов, Арнис Кыдырмышев болду.

Соңунда актёрлорго этностук сувенирлер тапшырылып, эскерүү үчүн сүрөткө түшүштү.

Маалымдама: Жолугушуу Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Инсанды жана дене тарбияны руханий-адептик жактан өнүктүрүү жөнүндө” Жарлыгына, "Кыргыз Республикасында 2021-2026-жылдарга «Кыргыз жараны» жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү Концепциясы жөнүндө" Жарлыгына жана “2022–2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны бекитүү тууралуу” Жарлыгына ылайык ишке ашырылды.