"Эко жүргүнчүлөрдү жеткирүү" ЖЧКнын катына ылайык, №35-каттамды транспорт менен камсыз кылуунун мүмкүн эместиги жөнүндө маселе ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна киргизилген, анда бул каттамды мындан ары Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасына өткөрүп берүү менен бекитүү чечими кабыл алынган.

Каттам төмөндөгүдөй жүрөт: "Батыш автобекети – темир жол бекети - Чыгыш автобекети”. Каттамдын узундугу – 18,2 км, аралыгы-7 мүнөт. 14 автобус бөлүнгөн.

Жүргүнчүлөрдүн сыйымдуулугу боюнча №113 каттамдагы 42 кичиавтобусту алмаштырат.

Урматтуу шаардыктар! Кошумча суроолор боюнча 0555103263 ,0502 205 202, 0 (700) 46 56 60 телефондоруна кайрылсаңыздар болот.