Аталган жерде таштандылар өрттөлүп, курулуш таштандылары белгиленбеген жерге ташталган, ошондой эле КТК чыгаруу үчүн келишим түзүлбөгөн. Санитардык нормалар сакталган эмес жана калааны көрктөндүрүү эрежелери бузулган.


Жыйынтыгында СЭИ инспекторлору тарабынан Касымалиев А.нын атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №489 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Свердлов райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.