«Бишкек суу чарба» муниципалдык ишканасы ачык коллектордук-дренаждык тармактарды тазалоо иштерин улантууда, ошондой эле Ала-Арча дарыясынын нугундагы муздарды алуу иштери жүрүп жатат.
Бүгүнкү күндѳ кызматкерлер төмөнкү көчөлөрдө иштеп жатышат:
- А.Масалиев көчөсүнөн Ч.Айтматов проспектисине чейин;
- И. Ахунбаев көчөсүнөн Ч.Айтматов проспектисине чейин;
- Ч.Айтматов проспектисинен Л.Толстой көчөсүнө чейин;
- Рыскулов көчөсүнөн Ж.Бөкөнбаев көчөсүнө чейин;
- темир жолдон Л.Толстой көчөсүнө чейин;
- Л.Толстой көчөсүнөн Алтымышев көчөсүнө чейин;
- Ш.Руставели көчөсүнөн Ч.Айтматов проспектисине чейин.
Ачык коллектордук-дренаждык тармактарды тазалоо иштери КЧКнын ( кичи Чүй каналы) боюндагы Чүй 39 көчөсүнөн Чүй 47 көчөсүнө чейин жана Чүй 41 көчөсүнөн Чүй 47 көчөсүнө чейин жүргүзүлүүдө.
Урматтуу шаардыктар! Негизги каналдарга жана коллектордук-дренаждык тармактарга таштанды толтурбоону, шаардык кызматтардын кызматкерлеринин эмгегин сыйлоону суранабыз.