Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамынын 27-беренесине ылайык, мыйзамда белгиленген тартипте шаарыбыздын тиешелүү аймагында жарнактарды жайгаштыруу жергиликтүү маанидеги маселелердин бири болуп саналат. Бул жол-жобо «Жарнак жөнүндө» мыйзамы менен аныкталат.
Ошого жараша, тышкы жарнактын өзгөчөлүктөрүн жөнгө салуучу “Жарнак жөнүндө” мыйзамдын 14-беренесине ылайык, шаарларда, айыл аймактарында жана башка аймактарда тышкы жарнакты жайгаштыруу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат жана транспорт жаатындагы ыйгарым укуктуу орган, ошондой эле автомобиль жолдоруна бөлүнгөн тилкеде жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча аймактык бөлүм менен макулдашылууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын «Жарнак жөнүндө» Мыйзамынын IV главасынын 26-статьясына ылайык жарнак материалдарына мониторинг жүргүзүү жолу менен Кыргыз Республикасынын жарнак жөнүндө мыйзамдарынын сакталышына мамлекеттик көзөмөл монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан жүзөгө ашырылат.
Жогоруда көрсөтүлгөн нормалар, Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан сунушталган Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тышкы жарнакты жайгаштырууга уруксат берүү ыйгарым укуктарына ээ эмес, координациялык кызматтын катарына кирбейт жана Кыргыз Республикасынын “Жарнак жөнүндө” мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктарга ээ эмес.
Белгилей кетсек, Бишкек мэриясы тышкы жарнакты жайгаштырууну координациялоо жол-жоболоруна жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролун күчөтүүнү караган өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин колдойт.