Азыркы учурда төмөнкү кичи автобусттук каттамдар өзгөртүлдү:
1. №212-маршруттук такси Салтанат көчөсүнө которулуп, Кайназарова көчөсү менен Касым конушу аркылуу Талды-Суу көчөсүнө барат.
2. №137 жана №269-маршруттук таксилер Патрис Лумумба көчөсү аркылуу Профсоюз көчөсүнө чейин каттайт.
3. №38-автобус болсо Салтанат жана Кайназарова көчөлөрү менен Касым конушу аркылуу 110-кварталга барат.
Жолду оңдоп-түзөө иштери шаардык бюджеттен каржыланууда. 2,5 чакырым келген жолду 2016-жылдын август айына чейин бүтүрүү пландалууда. Бөдрөтчү компания «Технотоп» ЖЧКсы.
Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарына ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана айдоочулардын жол кыймылын алдан ала тандап алуусу суранат.