26 -27-январда экинчи сменде окуган Бишкектин бардык окуучулары онлайн-форматта окушат.

28-январда жана кийинки жуманын башынан баштап окуучулар кадимки окуу тартибине кайтып келишет.

Ошондой эле, 30-январда  Ош базарында боло турчу  санитардык күн 26-январга жылдырылганын билдиребиз. Бүгүн, 26-январда базар жабык.

Чечим Өзбекстандын президентинин Кыргызстанга жасаган сапарынын алкагында жолдорду тосууга байланыштуу кабыл алынды.