Биринчи май районунун башчысы Максатбек Сазыкулов сыйлыктарды тапшырды.
2022-жылдын жыйынтыгы боюнча жеке салымы жана жемиштүү иши үчүн ардак грамоталар жана ыраазычылык каттары менен "Ак-Босого", "Калыс-Ордо", "Мурас-Ордо", "Алтын-Казына Канат", "Алга-Элим"конуштарынын активисттери сыйланышты.
Иш-чаранын алкагында Афганистандагы согуштун ардагерлеринин Республикалык кеңешинин буйругу менен "Ардагерлер кыймылына жардам жана көмөк көрсөткөндүгү үчүн" "Мурас-Ордо ынтымагы" коомдук бирикмесинин төрагасы Кайрат Кыштообаев медаль менен сыйланды.
Борбор калаанын мэриясы шаардыктарды сыйлыктары менен куттуктайт жана ийгиликтерди каалайт.