Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө барды.
Калаа башчысы үй-бүлөнү куттуктап, 90 миң сомдук сертификат жана азык-түлүк куржунун тапшырды.
Эске салсак, 20-декабрда Нурзида Садырбаева Нурбакыт, Нурмухамет, Нурсултан аттуу үч эмди жарык дүйнөгө алып келген. Үй-бүлөнүн жети баласы бар – 6 уул, 1 кыз.
Борбор калаанын мэри үй-бүлөнү куттуктап, ата-энеге жана балдарга чың ден соолук жана бакубатчылык каалады.