31-декабрда Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундары  жана коноктору үчүн жаңы жылдык кеченин кызыктуу программасын даярдады.

Саат 19:00дө Ала-Тоо аянтында борбор калаанын маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча департаментинин чыгармачыл жамааттары менен улуттук эстрада жылдыздарынын концерти башталат. Жаңы жылдык иш-чара саат 00:00дө Жаңы 2023-жылды тосуу жана майрамдык фейерверк менен аяктайт.

Шаардыктардын  ыңгайлуулугу үчүн автобус, троллейбус каттамдары   саат 01:00гө чейин иштейт.

Жаңы жылды майрамдоого байланыштуу Чүй проспектиси боюнча Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин жол кыймылы токтотулат.

Бишкек шаардык милициясынын 1000дей кызматкери шаардыктардын коопсуздугун камсыздаса, жоголгон баланы издөөгө өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери көмөктөшөт. Майрамдык иш-чара өтө турган жерде тез жардам жана өрт өчүрүү кызматынын кызматкерлери нөөмөттө болушат.

Урматтуу шаар тургундары! Бишкек шаарынын мэриясы сиздерден автоунааларыңызды жол кыймылынын чектөөсүнөн тышкары калтырууну өтүнөт, анткени майрамдоо аянты жөө жүргүнчүлөр үчүн каралган. Ал эми көрүлгөн коопсуздук чараларына түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз.