Ленин районунун №84- Садыков атындагы орто мектебинде Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Кыргыз-Германия техникалык институтунун телематика кафедрасы DAAD программасынын колдоосу менен Deutsch und Telematik долбоорунун алкагында , робототехника жана немис тили боюнча сабактарды өткөрүштү.
Сабакты телематика кафедрасынын башчысы жана 3-4-курстун студенттери өткөрүштү.
4 күн бою окуучулар робототехника жана программалоо боюнча долбоорлорду даярдап, көрсөтүштү.
Төрт күндүк курста окуучулар практикада өз колдору менен түрдүү долбоорлорду иштеп чыгышты. Курс окуучулардын аң-сезимин жана билимге болгон кызыгуусун арттырды.
Окуу Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адептик өнүгүүсү жана дене тарбиясы” жөнүндө жарлыгын ишке ашыруу максатында өткөрүлдү.