Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы Айни жана Дагестан көчөлөрүнүн кесилишиндеги жалпы аянты 12 чарчы метрди түзгөн жеңил типтеги мыйзамсыз объектини алды.
Ошондой эле, жол оңдоп-түздөө иштеринин алкагында Садырбаев көчөсүндөгү темир конструкциясы алынып, жол тазаланды.
Жумабек көчөсүн бойлой мыйзамсыз курулган объектинин от жага турган меши, кире бериш бөлмөсү, тосмосу, дарбазасы дагы алынып салынды.