Октябрь акимиаты райондогу мектеп окуучуларынын арасында сергек жашоону калыптандыруу боюнча иш-чараларды өткөрүүдө.
Ошондой эле мектептерде санитардык эрежелерди бузуу, жугуштуу оорулар, тамеки чегүү, насвай колдонуунун кесепеттери тууралуу жарандарга маалымдоо жана эскертүү иштери жүргүзүлүүдө.
Иш №6 ҮМБнун ден соолукту чыңдоо бөлмөлөрүнүн кызматкерлеринин жана КММАнын медициналык факультетинин студенттеринин ыктыярчыларынын жардамы менен жүргүзүлүүдө.
Мектептин дарыгерлери үчүн сабак уюштурулуп, алар мектеп окуучуларынын санитардык-гигиеналык талаптары жана тамактануусу боюнча усулдук колдонмо менен тааныштырылды.
Жалпысынан 4-класстан 11-класска чейин 22 миң окуучу камтылган.