Текшерүүнүн жүрүшүндө Ахунбаев көчөсү, 94 дарегинде жайгашкан «Самсунг» дүкөнүнүн кызматкерлери жолдун жээгине таштандыларды таштагандыгы аныкталды.

Жыйынтыгында СЭИ инспекторлору тарабынан “Иксфайф Ритейл” ЖЧКсынын башкы директорунун атына КР «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №489 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.