Жааган жамгырдан улам борбор калаанын кээ бир көчөлөрүндө суу ташкындары пайда болду. Учурда «Бишкекжашылчарба» МИнин кызматкерлери аларды тазалоодо.
Эртең менен Жибек Жолу-Ибраимов, Гоголь-Жумабек, Ибраимов-Киев, Ибраимов-Жибек Жолу, Жукеев-Пудовкин-Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде суу ташкындары жоюлду.
Урматтуу шаардыктар! Муниципалитет шаардын ирригациялык тармактарына таштанды ыргытпоону чын жүрөктөн суранат, анын кесепетинен жаан-чачын учурунда шаардын жолдорунда жана тротуарларында суу каптап жатат.