Комиссиянын курамына райондун ИИБ жана прокурату жана «Зеленстрой» МИ кирди.
Сейил бактагы мыйзамсыз кыйылган 20 даракка Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан акт түзүлгөн.
Учурда Ленин районунун ИИБ ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат. Ал эми "Зеленстрой" муниципалдык ишканасы тарабынан келтирилген чыгымдын баасы эсептелинүүдө.
Ленин райондук администрациясы тарабынан прокуратурага Фучик атындагы парктагы 1,14 га жер участкасын К.Б. Абдулдабек аттуу жаранга жеке менчикке берүүнүн мыйзамдуулугун текшерүү боюнча кат жөнөтүлгөн.