Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата Бишкек шаарындагы улгайган жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын социалдык стационардык мекемесинде иш-чара өткөрүлдү.
Ага Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, Биринчи май районунун акиминин орун басары Аида Рысбаева, Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Лариса Губина катышты.
Келген коноктор жана мекеменин кызматкерлери меймандарга кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануу тарыхын камтыган театрлаштырылган көрсөтүү даярдашты.
Ошондой эле иш-чаранын алкагында өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге жана жигердүү катышуучуларга Ардак грамоталар жана алкыш баракчалары тапшырылды.
Бет ачардан кийин коноктор мекеменин ишмердүүлүгү менен таанышты.
Белгилей кетсек, 7-8-ноябрь күндөрү Кыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү белгиленет. Бул жарлыкка 2017-жылы кол коюлган.
Маалымдама: Бишкек шаардык улгайган адамдардын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин жалпы типтеги социалдык стационардык мекемесинде 215 адам жашайт, бул мекеменин бардык жашоочулары акысыз социалдык, медициналык, турмуш-тиричилик кызматтары менен камсыздалат.