Москва көчөсү боюнча 6 объекти, Дэн Сяопин көчөсү менен Садыгалиев көчөсүнүн кесилишиндеги 4 объект, Ден Сяопин көчөсү-Фучик көчөсү боюнча 14 объект, Мессарош – Волков көчөлөрү боюнча 2 объект, Т.Молдо-Токтогул көчөлөрү боюнча 1 объект, Тыныстанов – Дружба көчөлөрү боюнча 2 объект, Д.Сяопин көчөсү №337 – Кайназаров көчөсү 2 объект, П.Лумумбы – Профсоюзная көчөсү боюнча 1 объект жана Чүй проспектиси – Эркиндик бульвары боюнча 3 жеңилдетилген типтеги объект алынды.
Бул багыттагы иштер уланууда.
Иш-чара райондун архитектуралык-эстетикалык тышкы көрүнүшүн жакшыртуу, иретке келтирүү максатында Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн аракеттешүүсү жөнүндө» буйругунун негизинде өткөрүлүүдө.