Калааны райондорунда 1999-2000-жылдардагы Баткен окуяларында өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн коргоодо аскердик жана кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгондорду эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чарага курман болгондордун үй-бүлөлөрү, ошондой эле Баткен окуясынын катышуучулары чакырылды.
Район башчылары курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакын туугандарына көңүл айтып, ошондой эле ошол окуяларга катышкан жана азыркыга чейин Ата-Мекенге кызмат кылып жаткан аскерлерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдиришти.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун " Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө " Жарлыгына ылайык, Бишкек шаарында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана эскерүү каада-салттарын тартипке салуу эрежелерин сактоо менен өттү.
Белгилей кетсек, социалдык өнүктүрүү департаментинде Баткен окуясынын 388 катышуучусу каттоодо турат, аларга 2000 сомдон бир жолку материалдык жардам төлөнөт. Курман болгон жоокерлердин 10 үй-бүлөсү 10 000 сомдон, майыптыкты алган 2 катышуучу 5 000 сомдон алышат.