"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы жол инфраструктурасын оңдоо, жол белгилерин чийүү жана борбор калаанын көчөлөрүнө жол белгилерин орнотуу боюнча активдүү иштерди жүргүзүп жатат.

Васильев көчөсү Түлөбердиев көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Жолго жол сызыктары чийилип, шаардыктардын  өтүүсү үчүн жол ачык.

Товарная -2 көчөсү Шиштөбе көчөсүнөн туюк жолго чейин жана Гатчина көчөсү Кайназарова көчөсүнөн туюк жолго чейин жолду асфальттоо иштери аяктады.

Ошондой эле, ишкана тараптан шаар тургундарынын жана окуучулардын ыңгайлуулугу үчүн Шопоков көчөсүнүн тротуары (батыш тарабы) Токтогул көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.

Бүгүнкү күндө Ахунбаев көчөсүнүн тротуарын Байтик Баатыр көчөсүнөн Ч.Айтматов проспектисине чейин асфальттоо иштери жүрүп жатат.

Урматтуу шаар тургундары! "Бишкекасфальтсервис" МИнин иши боюнча суроолорду (фото жана видео) сиз ишкананын социалдык тармагындагы баракчасына жөнөтсөңүз болот: bishkekasfaltservis.